Ислам
Куран жана сүннөттүн негизинде Ислам дини
жөнүндө кыскача баяндама
(Далилдерисиз нускасы) (1)
Бул маанилүү кабар Исламдын кыскача аныктамасын камтыйт
жана анын эки негизги булагы: Ыйык Куран жана пайгамбардын
сүннөтүнөн алынган эң маанилүү негиздерин, таалимдерин
жана артыкчылыктарын баяндайт. Бул китеп бардык акыл-эстүү
жана жетилген мусулмандарга, ошондой эле мусулман
эместерге, алар кайда жана качан жашабасын жана жашоо
шарты кандай болбосун, алардын эне тилинде арналат.
3
Чексиз Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен
(баштаймын).
1. Ислам – бул, Аллахтын жалпы адамзатка түшүргөн дини,
бул түбөлүктүү илахий дин.
2. Ислам – кайсы бир жыныска же коомго тиешелүү дин эмес,
ал адамзаттын баарына тиешелүү Аллахтын дини.
3. Ислам – мурдагы пайгамбарлардын жана элчилердин
(аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)
үммөттөрүнө алып келген диндерин толуктаган илахий дин.
4. Пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун)
дини бир, шарияттары ар түрдүү.
5. Ислам – бардык пайгамбарлар: Нух, Ибрахим, Муса,
Сулайман, Дауд, Иса (аларга Аллахттын тынчыгы болссун)
чакырган сыяктуу эле, Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Тирилтүүчү,
Өлтүрүүчү, бардык мүлктүн Ээси, бардык ишти Башкаруучу,
Бооорукер жана Мээримдүү Аллах Рабби экенине ыйман
келтирүүгө чакырат.
6. Кемчиликтерден Аруу, Бийик Аллах - Ал, Жаратуучу, Ал Өзү
жалгыз ибадатка татыктуу, Аны менен бирге башка эч нерсеге
ибадат кылынбайт.
7. Аллах - Ал жаратылыштагы бардык көзгө көрүнгөн жана
көрүнбөгөн нерселердин Жаратуучусу. Андан башканын баары
Анын жараткан нерселери. Аллах асмандар менен Жерди алты
күндө жараткан.
4
8. Кемчиликтерден Аруу, Бийик Аллахтын мүлкүндө,
жаратуучулугунда, башкаруучулугунда жана ибадатка
татыктуулугунда эч кандай шериги жок.
9. Кемчиликтерден Аруу Аллах туубады, туулбады, Анын теңи
да, окшошу да жок.
10. Кемчиликтерден Аруу, Бийик Аллах – эч нерсенин ичине
кирбейт, Өзү жараткан макулуктардын денесин кабыл албайт, эч
нерсеге аралашпайт.
11. Кемчиликтерден Аруу, Бийик Аллах пенделерине
Мээрбан жана Ырайымдуу, ошон үчүн элчилерди жиберип,
китептерди түшүргөн.
12. Аллах Ал Ырайымдуу Рабби, Ал кыямат күнү калайыккалкты кабырларынан тирилтип тургузганда, аларды Өзү жалгыз
эсеп-кысап кылат. Кылган жакшы жана жаман амалына жараша
ар бир жанды жазалайт же сыйлайт. Ким ыймандуу болуп,
жакшы иштерди кылса, ага акыретте түбөлүктүү жакшылыктар
болот, ал эми ким каапыр болуп, жаман иштерди кылса, ага
акыретте катуу азап болот.
13. Кемчиликсиз Аруу Аллах Адамды топурактан, анын
артынан урпактарын көбөйө турган кылып жаратты.
Адамдардын баары негизинде бирдей. Бир жыныстын экинчи
жыныстан, бир элдин экинчи элден артыкчылыгы жок,
артыкчылык такыбалыкта гана.
14. Төрөлгөндөрдүн баары таза табият (фитрат) менен
төрөлөт.
15. Адам баласынан эч ким өзүнүн күнөө-катасы менен же
башка бирөөнүн күнөө-катасына мураскер болуп төрөлбөйт.
5
16. Адам баласынын жаратылуудагы максаты – Жалгыз
Аллахка ибадат кылуу.
17. Ислам – инсандын кадырын көтөрдү, мейли ал эркек
болсун, мейли аял болсун. Анын толук укугун кепилдикке алды
жана бардык ыктыярдуу иштерине, амалдарына, ишаракеттерине жоопкер кылды. Ошондой эле өз жанына же
башкаларга зыянын тийгизе турган ар кандай иштерге
жоопкерликти моюнуна жүктөдү.
18. Эркек менен аял Аллах тааланын алдында кылган иштери
үчүн жоопкерчилик жагынан да, сооп-сыйлык жана жаза
жагынан да бирдей.
19. Ислам аялзатынын кадырын көтөрдү, (өкүмдөрдү
аткарууда) аялдарды да эркектер сыяктуу этибарга алды.
Мүмкүнчүлүгү бар эркекке аялдын напакасын жүктөдү, кыздын
напакасы атасынын, эненин напакасы балакат жаш курагына
жеткен, мүмкүнчүлүгү бар баланын, ал эми аялдын напакасы
күйөөнүн моюнунда.
20. Өлүм түбөлүккө жок болуп кетүү эмес, амал кылуу
ааламынан сыйлык же жаза берүү ааламына көчүү. Өлүмдүн
даамын дене да, жан да татат, жандын өлүмү денеден бөлүнүп
чыгуусу. Кийин кыямат күнү кайра тирилгенде денеге кайтып
келет. Өлүмдөн кийин жан башка денеге көчүп өтпөйт жана
башка денеде кайра жаратылбайт.
21. Ислам ыймандын негизи болгон: Аллахка жана
периштелерине ыйман келтирүүгө, Куранга, өзгөрүп кеткенге
чейинки Тоорат, Инжил, Забур сыяктуу илахий китептерге
ыйман келтирүүгө, элчи жана пайгамбарлардын (аларга
Аллахтын тынчтыгы болсун) баарына ыйман келтирүүгө,
6
алардын акыркысы элчи жана пайгамбарлардын мөөрү болгон
Аллахтын элчиси Мухаммадга ыйман келтирүүгө, акырет күнүнө
ыйман келтирүүгө, эгер бул дүйнө жашоосу тирүүлүктүн бүтүүсү
болсо, анда жашоо жана тирүүлүк максатсыз, бепайда болорун
билебиз. Жана акырында каза-кадарга, жакшылыкжамандыктын баары тагдырдагыдай болоруна ыйман
келтирүүгө чакырат.
22. Пайгамбарлар Аллахтан келген нерсени жеткирүүдө
күнөөдөн корголгон. Ошондой эле акылга каршы келген жана
таза кулк-мүнөз четке каккан иштерден да корголгон.
Пайгамбарлар Аллахтын буйруктарын Анын пенделерине
жеткирүүгө милдеткер. Пайгамбарларда (улухияттык жана
рубубияттык) жаратуучулук жана ибадатка татыктуулук
сыпаттары жок, алар деле башка адамдар сыякту эле адам,
болгону аларга Аллах динин аян-кабар кылып жеткирет.
23. Ислам Жалгыз Аллахтын Өзүнө негизги чоң ибадаттарды
аткаруу аркылуу ибадат кылууга чакырат, алар: кыям, үрүкү,
сажда, Аллахты мактоо, Аны зикир кылуу жана дубалардан
турган намаз. Намазды бир күндө беш жолу окуу керек. Намаз
аркылуу теңсиздиктер жоюлат. Намазда бай менен кедей,
башчы менен кызматчы бир сапта турат. (Экинчиси): зекет, малмүлктөн берилчү аз гана өлчөм. (Аллах койгон шарттар жана
өлчөмдөргө ылайык) байлардын мал-мүлкүнөн жакырларга
жана башкаларга бир жылда бир жолу бөлүп берүү важип.
(Үчүнчүсү): орозо, ал Рамазан айынын күндүзгү күндөрү оозду
ачуучулардан өзүн тыюу. Орозо напсинин каалоолорун
тарбиялап, сабырдуулукка үйрөтөт. (Төртүнчүсү) ажылык, ал
мүмкүнчүлүккө жараша өмүрүндө бир жолу Меккедеги
Аллахтын үйүн (Каабаны) максат кылып баруу. Ажылыкта
7
адамдардын баары Жаратуучуга жүздөнүүдө бирдей болушат,
ажылык аркылуу теңсиздик жоюлат.
24. Исламдагы ибадаттардын эң негизги өзгөчөлүгү, алардын
аткарылуу тартиптерин, убактыларын, шарттарын
Кемчиликтерден Аруу Аллах Өзү (шарият кылып) түзгөн жана
аны Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу
болсун) жеткирген. Адам баласы ага кошумча да, алымча да
киргизе албайт. Мына ушул улуу ибадаттардын баарына
пайгамбарлардын (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) баары
үгүт кылып чакырган.
25. Аллахтын элчиси – ал, Абдуллахтын уулу Мухаммад,
Ибрахим пайгамбардын уулу Исмаилдин (аларга Аллахтын
тынчтыгы болсун) урпагынан. Меккеде 571- жылы туулган.
Ошол жерде ага пайгамбарлык берилген. Кийин Мединага
көчүп барган. Бутпарастык иштерде коомуна кошулган эмес,
бирок улуу иштерде алар менен чогуу болгон. Пайгамбарлыкка
чейин эле кулк-мүнөзү мыкты болчу. Эли аны "аманаткөй" деп
атачу. Кырк жашка толгондо Аллах аны пайгамбар кылып,
муъжиза-кереметтер менен кубаттады. Булардын эң негизгиси
Ыйык Куран. Ал пайгамбарлардын эң улуу аят-белгилеринен, ал
пайгамбарлардын аят-белгилеринен бүгүнкү күнгө чейин
сакталып калганы. Аллах ага динди толук берди, элчи (ага
Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны кемчиликсиз,
толук жеткирди. Жашы алтымыш үчкө келгенде каза болду.
Сөөгү Мединада коюлду. Аллахтын элчиси Мухаммад (ага
Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбар жана
элчилердин акыркысы. Аллах аны туура жол жана акыйкат дин
менен адамдарды бутпарастыктын, каапырлыктын жана
билимсиздиктин караңгылыгынан таухид (бир Кудайга сыйынуу
8
ишенимине) жана ыйман нуруна чыгаруу үчүн жиберди жана
Аллах аны Өзүнүн уруксаты менен динине чакыруучу кылып
жибергендигине күбөлүк берди.
26. Аллахтын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы
жана мактоосу болсун) алып келген Ислам шарияты, илахий
диндердин жана шарияттардын акыркысы. Ал кемчиликсиз
толук шарият. Ал адамдардын дин жана дүйнөсүн оңдойт. Ал
биринчи кезекте адамдардын динин, жанын, мал-дүйнөсүн,
акыл-эсин жана урук-урпагын сактайт. Мурдагы шарияттар
бири-бирин жокко чыгарган сыяктуу, Ислам шарияты мурдагы
шарияттардын баарын жокко чыгарат.
27. Кемчиликтерден Аруу Аллах пайгамбар Мухаммад (ага
Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген Ислам
дининен башка динди кабыл кылбайт. Кимде-ким Исламдан
башканы дин деп тутунса, ал кабыл болбойт.
28. Ыйык Куран, Аллах элчиси Мухаммадга (ага Аллахтын
тынчтыгы жана мактоосу болсун) аян-кабар кылып түшүргөн
китеп, ал ааламдардын Раббисинин сөзү. Аллах инсандарды
жана жиндерди Куран сыяктууну, жок дегенде, анын бир сүрөсү
сыяктууну жазгылачы деп атаандаштыкка чакырган, бул
чакырык азырга чейин күчүндө. Куран миллиондогон
адамдардын башын айланткан көптөгөн маанилүү суроолорго
жооп берет. Ыйык Куран алгачкы түшкөн араб тилинде бүгүнгө
чейин сакталуу, андан бир тамга да кемиген эмес. Ал басмада
басылып, тараган. Куран улуу, кереметтүү, аны түп нускада же
маанилеринин котормосун окууга татыктуу китеп. Ошондой эле
Аллахтын элчиси Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы,
саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сүннөтү, анын
таалимдери, өмүр жолу, чынжыр-тизмеги үзүлбөгөн ишенимдүү
9
айтып өткөрүүчүлөр аркылуу оозмо-ооз айтылып, сакталып,
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы
жана мактоо дубасы болсун) тили болгон араб тилинде
басылып жана башка көптөгөн тилдерге которулган. Ыйык
Куран жана пайгамбардын сүннөттөрү Исламдын жана анын
өкүмдөрүнүн бирден-бир булагы. Ислам дини аны
кармангандардын иш-аракеттеринен эмес, Аллах тарабынан
келген аян-кабардан: Ыйык Курандан жана пайгамбардын
сүннөтүнөн алынат.
29. Ислам ата-эне мусулман болбосо да аларга жакшылык
кылууну жана балдарга кам көрүүнү буйруган.
30. Ислам дини бизди сүйлөгөн сөзүбүздө жана кылган
ишибизде адилеттүү болууга буйруйт атүгүл, душманга болсо
дагы.
31. Ислам бардык жандуу-жансыз жаратылышка жакшы
мамиле кылууга буйруйт, ошондой жакшы мүнөздүү болууга,
жакшы иштерди кылууга буйруйт.
32. Ислам чынчылдык, аманаткөйлүк, (ички) тазалык,
уяттуулук, эр жүрөктүк, берешендик, муктажга колдоо көрсөтүү,
кыйналга жардам берүү, ачканы тойгузуу, кошунаны сыйлоо,
тууган менен катташуу жана айбанаттарга жакшы мамиле кылуу
сыяктуу мактоого татыктуу мүнөздөргө буйруйт.
33. Ислам дини, жеп, иче турган азыктардын тазаларын адал
кылды. Жүрөктү, денени жана турак жайды да таза кармоого
буйруду. Ошондуктан никеленүүнү да адал кылган. Бул
нерселерди пайгамбарлар (аларга Аллахтын тынчтыгы жана
мактоосу болсун) да буйрушкан, алар жалаң жакшы иштерге
буйрушат.
10
34. Ислам дини арамдын негиздерин – Аллахка шерик кошуу,
каапырлык, айкел-буттарга сыйынуу, билбей туруп Аллахтын
атынан сүйлөө, балдарды өлтүрүү, ыйык жанды өлтүрүү, жер
бетинде бузук иштерди таратуу, сыйкырчылык кылуу, ачык жана
жашыруун жаман иштерди кылуу, зына жана бачабаздыкты
арам кылып тыйды. Сүткордукту, өлүмтүктү, бут, айкелдерге
чалынган курмандыкты, чочконун этин, бардык ыплас, таза эмес
нерселерди арам кылды. Жетимдин акысын жегенди,
таразадан, өлчөп-ченөөдөн алдоону арам кылды. Туугануруктан кол үзүүнү арам кылды. Бул нерселердин арам экенине
бардык пайгамбарлар (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) бир
ооздон макул болушкан.
35. Ислам дини жалганчылык, алдамчылык, кыянаттык,
куулук, көралбастык, куйтулук, уурулук, ач көздүк, залымдык
сыяктуу жаман мүнөздөрдөн тыят. Бардык жек көрүндү
адаттардан тыят.
36. Ислам дини сүткордук, зыян жеткирүү, белгисиздик,
залымдык, алдамчылык аралашкан бардык мамилелерден,
ошондой эле кырсыкка алып бара турган жана жалпы
коомчулукка, элге жана жеке адамдарга зыянын тийгизе турган
иштердин баарынан тыят.
37. Ислам дини акыл-эсти сактайт, арак ичүү ж.б.у.с. аны буза
турган бардык иштерден тыят. Ислам акылдын ордун жогору
койду, жоопкер болууга акылды шарт кылды, аны мифтердин
жана бутпарастык кишендеринен эркин кылып (тазалады).
Исламда башкалардан айырмаланып, өзгөчө категориядагы
адамдарга арналган сырлар же өкүмдөр жок. Исламдын бардык
өкүмдөрү, шарияты тунук акылга сыярлык жана адилеттүүлүк
менен акылмандыкка дал келет.
11
38. Туура эмес (батыл) динди кармангандар андагы карамакаршылыктарды жана акылга сыйбаган нерселерди өзүнө
сиңире албагандыктан, ал диндин адамдары дин акылдан
жогору турат, динди жалпылай түшүнүүгө акыл алсыздык кылат
деп адаштырышат. Ошол эле учурда Ислам, динди акыл жолун
жарык кылган нур деп эсептейт. Туура эмес диндердин артында
турган адамдар адамдын өз акылына баш ийбөөсүн жана
аларды ээрчүүсүн каалайт, Ислам болсо, акыйкатты аңдап
билүүсү үчүн инсандын акылын ойготууну каалайт.
39. Ислам дини туура билимди бийик коёт жана калыс
илимий изилдөөлөргө үндөйт. Бизди өзүбүзгө жана бизди
курчап турган бардык нерселерге карап, ойлонууга чакырат.
Илимдеги туура илимий (изилдөөлөрдүн) натыйжалары
Исламга карыш келбейт.
40. Аллах, Ага ыйман келтирип, баш ийип, Анын элчилерин
тастыктап ишенгендердин гана амалын кабыл кылып, акыретте
сооп-сыйын берет. Аллах, Өзү шарият кылган ибадаттарды гана
кабыл кылат. Аллахка каапыр болгон инсан, кантип Андан сый
үмүт кылсын? Аллах, Анын пайгамбарларынын баарына жана
Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун)
алып келген динге ыйман келтирген адамдын гана ыйманын
кабыл кылат.
41. Бардык илахий диндердин максаты: акыйкат диндин
инсандын кадыр-баркын көтөрүп, натыйжада ааламдардын
Раббиси Аллахка гана калыс кул болуп, пендеге, материалдык
жашоого, ырым-жырымдарга болгон кулдуктан азат кылуу.
Көрүп турганыңдай, Ислам кимдир бирөөлөрдү ыйыктабайт,
өзүнө ылайык ордунан бийик көтөрбөйт, аларды кудай, илах
кылбайт.
12
42. Аллах Исламда тообону шарият кылган, ал: инсандын
күнөөнү таштап, Раббисине кайтуусу. Ислам ага чейинки күнөөкаталарды жок кылат. Тообо, ага чейинки күнөөлөрдү жууйт.
Тообо кылуу үчүн кимдир бирөөнүн алдында күнөөсүн моюнуна
алуу зарыл эмес.
43. Исламда пенде менен Аллахтын байланышы түзмө-түз
болот. Сени менен Аллахтын ортосунда кимдир бирөөнүн
ортомчу болуусунун зарылдыгы жок. Ислам дини пендени
"кудай" кылып алуубуздан, же жаратуучулукта, ибадат кылууда
Аллахка шерик кылып алуубуздан тыят.
44. Бул китепченин акырында, адамдар жашаган заманына,
улутуна, өлкөлөрүнө карата ар түрдүү экенин эстейли. Адам
коомунун баарынын пикири, максаты бирдей эмес, чөйрөсүндө,
аткарган амалдарында ар түрдүү болгон. Ошондуктан адам
баласы аларды туура багытка сала турган жол башчыга, башын
бириктире турган тартипке, сактай турган өкүмдарга муктаж
болгон. Элчилер (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) Аллахтын
аян-кабары менен буларга башчылык кылып, адамдарды туура,
жакшылыктын жолуна башташты, Аллахтын шариятына
баштарын бириктирди. Алардын ортосунда чындык менен өкүм
жүргүзүштү. Адамдардын иштеринин оңолуусу ошол
элчилердин чакырыктарына жооп берүүлөрүнө жараша болот.
Аллах Таала бул диндерди Мухаммад пайгамбарга (ага
Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) берген дини менен
жыйынтыктады. Аны түбөлүктүү кылды жана адамдарга туура
жол, ырайым, нур жана Аллахка баштап бара турган жол кылды.
45. Ошон үчүн, о, инсан, сени сокур ээрчүүдөн арылып, туура
эмес адат-салттарга берилбей, чын ыклас менен Аллахка гана
берилүүгө чакырам. Өлүмдөн кийин Раббиңдин алдына
13
келериңди билгин. Өзүңө, айлан-чөйрөңө кара, Исламды кабыл
кыл, дүйнө-акыретте бактылуу болосуң. Исламга кирүүнү
кааласаң, "Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок,
Мухаммад анын элчиси" деп күбөлүк келтирип, Аллахтан башка
бардык сыйынып жаткан нерселериңден арылууң, Аллах
кабырдагылардын баарын тирилтерине, эсеп-кысап жана жаза
менен сый чындык экенине ишенүүң жетиштүү. Ушул эки ооз
келимени айтуу менен сен мусулман болосуң, андан кийин
Аллах шарият кылган намазды, зекетти, орозону, мүмкүнчүлүгүң
болсо ажылыкты аткарып ибадат кыласың.